Биз менен байланышыңыз

Уу коргошунга ууланды делген эки бейтап дарыланууда

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 519 | 0

Кыргызстанда уу коргошундан уулангандар ооруканага түшкөнү кабарланган. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул боюнча маалымат таратты.

Ага караганда, 20-апрелде Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна оор абалда бир үй-бүлө мүчөлөрү —  1950-жылы туулган О.К., жана 1955-жылы туулган С.Т. аттуу жарандар кайрылган.

Аларга алдын ала «аконит менен уулануу, ритмогендик шок» диагнозу коюлган.

Бейтаптардын айтымында, алар узак убакыт бою кайнатманы дары катары ичип жүрүшкөн. Аялда шишик пайда болгондугуна байланыштуу бир күн мурда кайнатманын өлчөмүн көбөйткөн. Бейтаптарга тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин жүрөк-кан тамырдын иши калыбына келип, жабыркагандардын абалы турукташкан.

Учурда дарылануудан өтүп жатышканы айтылды.

16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы «Ысык-Көл тамыры» аталышындагы (чөптүн кайнатмасы) уу коргошун тууралуу маалымат жыйынында айткан.

Ага 15 күндөн бери президент Садыр Жапаров кандай даярдоо керектигин көрсөтүп берген.

Уу коргошун ушул кезге чейин Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM