Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 9 медик коронавирус жуктуруп алды

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 435 | 0

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде тогуз медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ошол эле суткада 9 кызматкер айыкты.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирус илдети 4369 медикке жуккан, анын 4285и айыкты.

Учурда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 92 миң 626га жетти, көз жумгандар 1561 адам, оорудан айыккандар жалпы 87 390ду түздү. 

Ушул күндөрү өлкөдө 2 миң 699 адам дарыланып жатат. Анын 1309у ооруканаларда, калганы үй шартында. Дарыланып жаткандардын ичинен 50 адам өтө оор абалда экени кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM