Биз менен байланышыңыз

БШК сегиз партиянын билдирүүсүнө карата түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 21 Апр 2021 | 594 | 0

Кыргызстанда сегиз саясий партия —  «Улуу журт», «Айкөл Кыргызстан», «Улутман», «Бүтүн Кыргызстан», «Бийлик элге», Кыргызстан коммунисттер партиясы, Кыргызстандын Демократиялык кыймылы партиясы жана «Жашылдар» партиясы билдирүү жасап, «Ата журт Кыргызстан» саясий партиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу жок экенин айтып чыгышты.

Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы түшүндүрмө берди.

Маалыматта мыйзам талаптарына ылайык, үгүт башталардан 6 ай мурда катталган партиялар жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укуктуу экени айтылат.

Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу үчүн партияларды кайра каттоонун шарттарында кандайдыр бир чектөөлөр белгиленген эмес.

БШКнын маалыматына караганда, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 2021-жылдын 26-февралында кайра каттоодон өткөн. Бул партиянын алгачкы мамлекеттик каттоодон өткөн күнү 1999-жылдын 22-сентябры деп көрсөтүлгөн.

Бишкек АШКсы 11-мартта «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттаган.

7-апрелде «Айкөл Кыргызстан» партиясынын лидери Бакыт Керимбеков Бишкек АШКсына «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу арызы менен кайрылган.

8-апрелде Бишкек АШКсы Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тарткан. 10-апрелде Б. Керимбеков бул чечимге макул болбой, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.

БШК «Айкөл Кыргызстан» партиясынын арызын негизсиз деп тапкан.

«Айкөл Кыргызстан» саясий партиясы Бишкек шаарынын административдик сотуна доо арыз жазган.

16-апрелде сот шайлоо комиссияларынын талашкан чечимдеринин мыйзамдуулугун белгилеп, «Айкөл Кыргызстандын» арызын канааттандыруудан баш тартты.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайланган. Сөз болуп жаткан «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы бул шайлоодо 28 шаардык кеңештин 21ине ат салышкан. Анын көбүндө жеңишке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM