Марал Радиосу

«Аэропорттор жеке башкарууга берилсе, киреше өсөт»

Аэропорттор жеке башкарууга берилсе, киреше  өсөт. Бул тууралуу ишкер Жодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, аба майдандарын жеке башкарууга берүү менен сапаттуу кызмат алууга шарт түзүлөт. Мамлекет башкарууга катышпай туруп, кирешеси артат.

Бирок аэропортторду киреше булагы катары кароо туура эмес. Алар — өлкөнүн «дарбазасы». Андыктан аэропорттун инфраструктурасына маани берүү зарыл.

«Аба майдандар сырткы башкарууга берилсе, эл аралык оператор ири мамлекеттерге аба каттамдарын ачуунун, кара тизмеден чыгуунун үстүндө иштейт. Бул өз кезегинде туризм тармагынын өнүгүшүнө, натыйжада 1 млн жаранды жумуш менен камсыздоого шарт түзөт. Мындай болмоюнча «Ачык асмандан» пайда эмес, зыян тартабыз», — дейт ишкер.

Эл аралык инвесторду Кыргызстандын чакан аэропорттору кызыктырбайт.

Exit mobile version