Марал Радиосу

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырбайт

Быйыл 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырышпайт. Мындай чечим пандемияга байланыштуу кабыл алынган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова билдирди.

Маалым болгондой, атайын предметтик комиссия түзүлүп, алар окуучулардын бир жыл аралыгындагы жетишкендиктерин карап чыгат жана чейректердин жыйынтыгы менен экзамендик баалар коюлат.

«Мындай чечим коронавирус инфекциясына байланыштуу өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу жана окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынды. Эгер окуучу же анын ата-энеси баалар менен макул болбосо, алар апелляциялык комиссияга кайрыла алышат», — деди ал.