Марал Радиосу

Башкы прокурордун отчету. Кылмыштуулук азайды

Кыргызстанда тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк жоюлушу мүмкүн. 

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин эки комитети 2020-жылдагы мыйзамдуулуктун абалы боюнча Башкы прокурордун отчетун укту. Анда Башкы көзөмөл органынын жетекчиси Курманкул Зулушев 2020-жылы өлкөдө 140 миңге жакын кылмыш катталганын кабарлады. Мунун ичинен 78 миң 254ү кылмыш, 61 миң 236сы жорук болуп эсептелет.

Бул мурунку жылга салыштырмалуу 24 миңге аз, 2019-жылы 160 миңден ашык кылмыш катталган.

Ошондой эле былтыр беш мамлекеттик орган коррупцияга батып калган мекеме экени аныкталган. Талдоо Европа Коопсуздук Келишим Уюмунун эксперттик жардамы менен жүргүзүлгөн.

Анда мамлекеттик органдардын жарандарга кызмат көрсөтүүлөрү, коррупциялык көрүнүштөр, арыз-даттануулар, органдын кызматкерлерине ачылган кылмыш иштери жана башка критерийлер эске алынган.

Натыйжада копрупциялык иштер көп жасалган мамлекеттик органдар деп төмөнкүлөр аныкталды:

-Мамлекеттик каттоо кызматы;

-Транспорт жана жолдор министрлиги;

-Ички иштер министрлиги;

-Билим берүү жана илим министрлиги;

-Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (азыркы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги). Бул мекемелерде бир жыл ичинде 42 коррупциялык факты катталган.

«Бул мекемелер мамлекеттик кызматтарды көп көрсөтүп, эл менен көп иштешет. Ошондуктан ар кандай коррупциялык көрүнүштөргө барууга мүмкүнчүлүк жаралат. Бул критерийлерге кирбей калган органдар да бар. Бүгүн жашыруун эмес, бардык органдар коррупциялык сазга баткан», — дейт Зулушев.

Эми тармактык комитеттин жыйынында депутаттар тарабынан көтөрүлгөн орчундуу маселелерге токтололу. Эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү жаңы Конституция боюнча Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктары кандай өзгөргөнүн сурашты. Депутат Абдыбек Дүйшалиев тергөө иштерин бир жерге бириктирип, комитет түзүүнү сунуштады.

— Тарыхты карасак, Башкы прокуратуранын алдында Тергөө башкармалыгы бар эле. Бирок кийин негедир аны бөлүштүрүп, башка органдарга өткөрүп беришкен. Ошонун кесепетин бүгүн баарыбыз көрүп жатабыз. Тергөө боюнча арыздар аябай көп болуп жатат. Прокуратура мурункудай эле Тергөө башкармалыгын, керек болсо Тергөө комитетин түзсөңөр туура болмок. Орусияда ушундай. Ошондо натыйжалуу орган болмок.  

Зулушев Башкы прокуратуранын карамагында тергөө департаментин түзүү каралып жатканын, аны ишке ашыруу эки этап менен жүрөрүн айтты. Бирок азырынча бюджети боюнча ойлонула элек.

Эл өкүлдөрү экстрадиция маселесин да козгошту. «Республика-Ата журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарын жоопкерчиликке тартуу боюнча ишти токтотпоону эске салды.

— Бакиевдерди өлкөгө алып келип, жоопкерчиликке тартуу керек. Алардын күнөөсү менен 80 адамдын өлгөнүн унутпайлы. Бүгүнкү күндө Бакиевдин улутташтырылган мүлкү боюнча ортомчулар аралап жүрөт. Ачык мамлекетке өткөн мүлктөр кайтарылбашы керек. Бул прокуратуранын көзөмөлүндө болушу зарыл.

Жээнчороев мындан тышкары, буюртма менен иштеген тергөөчү, прокурор, сот кызматкерлерин тазалоо керектигин айтууда. Ал акыркы күндөрү бир топ саясатчылар акталганы жакшы жышаан экенин, бирок ошол убакта саясий заказ аткаргандар иштен алынышы керектигин эскертти.

Башкы прокурор Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү аракети жүрүп жатканын кабарлады.

Башкы прокуратура тарабынан мурун козголгон кылмыш иштери боюнча Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы, ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция, рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон.

Тармактык комитеттин 20-апрелдеги жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев суроолорго жооп берип жатып, жаңы кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилсе, «тергөө менен кызматташуу» деген түшүнүк жоюларын билдирди.

— Жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизе турган болсок, тергөө менен кызматташуу деген түшүнүктү жоюу керек. Себеби ал өзү кутулуу үчүн күнөөсүз кишиге айыпты оодарып, тергөө оңой жолго түшүп алды. Бүгүн тергөөчүнүн кесипкөй деңгээли, ыкчам кызматкердин кесипкөйлүгү маселе жаратпай калды. Анткени тергөө менен кызматташууга барса, бүттү, ошонун көрсөтмөсү менен башканы жоопко тартып, өзү жеңил жаза алып кетип жатат. Бул — мыйзамдагы мүчүлүштүктөр.

Кылмыштуулук жөнүндө сөз болуп жатканда депутаттар ала качуу учурлары тууралуу да сурашты. Зулушевдин берген маалыматына таянсак, 2020-жылы Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүрүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген. Курманкул Зулушев ала качуу боюнча иштер эмне себептен кыскартылып кеткенин айтты.

— Көпчүлүк иштин кыскарып кеткени чындык. Буга көп учурда ала качкандардын жашап алганы, арызынан баш тартканы себеп болууда. Ошондуктан ар кандай жүйөлөр менен ишти кыскартууга туура келет. Биз азыр ала качуу учурларына анализ жасап жатабыз. Айзаданын өлүмү ала качууларга терең көңүл буруп, иш алып барышыбыз керек экенин көрсөттү.

5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде 27 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөн. Бул боюнча иш козголуп, тергөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкек шаардык башкармалыгында жүргүзүлүүдө.

Зулушевдин маалыматына караганда, былтыр ички иштер органдарынын кызматкерлерине 400 сотко чейинки иш ачылган. Анын 14ү сотко жиберилген, 233ү өндүрүштөн кыскартылган, 196 иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Сөздүн аягында прокурорлордун айлыгы тууралуу айталы. Башкы прокурордун айлык акысы кошумча төлөмдөрдү эске албаганда 28 миң сом экен. Орун басарлары 25-23 миң сомдон алышат. Облустук прокурорлор 20 миң сом, райондун прокурорлору 17 миң 500 сом, орун басарлары 16 миң 500, жөнөкөй ыкчам жардамчы кызматкерлер 12 миң сом айлык алышат.

Парламенттин эки тармактык комитети 2020-жылдагы мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча Башкы прокурордун отчетун жактырып, парламенттин кароосуна жиберди.

Exit mobile version