Биз менен байланышыңыз

Токмок шаарынын тургундары 3 миңден ашуун шайлоочу мыйзамсыз катталганын айтууда

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 688 | 0

«Tandoo.info» порталына Токмок шаарынын тургундары акыркы шайлоодо 3 миңден ашуун шайлоочунун мыйзамсыз катталгандыгы боюнча кайрылышты.

Арыз ээлери А.Калмурзаев, А.Жолдошев билдиргендей, шайлоо учурунда Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына кээ бир талапкерлерлер мыйзам талаптарын бузуу менен жарандарды массалык каттоодон өткөрүшкөн. Мисалы, талапкер Р.Юнусов өзүнүн 2 бөлмөлүү батирине 252 адамды, дагы бир талапкердин атасы С. Иманалиев өзүнүн батирине 25 адамды каттаган, мындай учурлар көп.

Өз кезегинде «tandoo.info» порталынын башчысы А. Абдрахматова бул кайрылуу БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна жөнөтүлгөнүн белгилеп, өткөн жылы БШКнын мүчөсү катары «Кaktusmedia» жана «Азаттыктын» журналисттери менен биргеликте Ош, Токмок жана Каракол шаарларындагы шайлоочулардын тизмесин бурмалоонун коррупциялык схемасын ачыктаганын баса белгиледи.

Ошол бурмалоолорду ачыктагандан кийин бир турак жай бирдигине 10дон ашык адам каттабоо боюнча тиешелүү укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген. Бирок мыйзамдын талаптарына карабай, кайтадан эски шайлоо манипуляциялары баары бир иштегени такталса, шайлоо комиссиялары, мамлекеттик каттоо кызматынын жоопту адамдары жоопкерчиликке тартылышы керек.

Негизи Токмок шаары боюнча шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган, себеби Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын акыркы шайлоосуна 15806 жаран катышса, алардын 20% дан ашыгы мыйзамсыз тизмеге киргизилген экен.

8 партия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшту

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM