Марал Радиосу

Саламаттыкты сактоо министрине жаңы орун басар дайындалды

Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин, Нурдөөлөт Базарбаев социалдык камсыздоо департаментинин директору кызматын аркалап келген.