Connect with us

Кыргызстанда жалпы 10 830 адам эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 799 | 0

Бүгүн, 20-апрелге карата өлкө боюнча жалпы 10 830 адам эмдөө алды. Алар негизинен медицина кызматкерлери, мугалимдер, 65 жаштан өйдөкү карылар, мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмүнүн кызматкерлери.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM