Биз менен байланышыңыз

«Манас» аэропорту татарстандык компанияга берилеби? Расмий жооп

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 780 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун башкаруусун Татарстандын «Ядран» финансылык компаниясына берүү чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматты «Марал» радиосуна «Манас» аба майданынын басма сөз катчысы Алия Курбанова кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда аба майдандын жетекчилиги инфраструктуралык иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттордун киреше бөлүгүн кеңейтүү, аэропорттун түз жана кыйыр кирешелерин камсыздоо аракетин көрүүдө.

Бүгүнкү күндө кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле «ЯДРАН» БК ЖЧКсынын жетекчиси И. Салихов менен жолугушуу болгон.

Анда «Манас» эл аралык аэропорту ААКнын башкы директору Бакыт Шаршеев инвестицияга муктаж болгон компаниянын ишмердиги жөнүндө айтып берген.

«Манас» жана «Ош» аэропортторунун эскирген учуу-конуу тилкелерине реконструкция иштерин жүргүзүү зарылчылыгы тууралуу маселе көтөргөн.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүлөр таанышуу маалыматтык мүнөздө өткөн.

«Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси аэропорттун жетекчилиги тарабынан каралбайт. «ЯДРАН» БК ЖЧКсынын өкүлдөрү Кыргызстанга өздөрү үчүн рынокту жана инвестициялык ишмердүүлүктү талдоо үчүн келишкен. «Манас» аба майданынын инфраструктурасынан тышкары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу жолдорун карап көрүшүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн «Акчабар» финансылык порталы жеке булактарына таянып, «Манас» аэропорту 25 жылга Татарстандын «Ядран» компаниясынын башкаруусуна берилиши мүмкүн экенин жазды.

Copyright © 2017 Maral FM