Марал Радиосу

Кара-Балтада партия лидеринин унаасын атып кетишти

 Кара-Балта шаарында белгисиз адамдар саясий партиянын лидеринин унаасына ок чыгарышты. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Белгилүү болгондой, 19-апрелден 20-апрелге караган түнү саат 03:30 чамасында белгисиз адамдар «Элдик-Народная» саясий партиясынын негиздөөчүсүнө таандык «Тойота Камри» автоунаасын короодо токтоп турган жеринен эки жолу атышкан.

Шаардык кеңеште бул партиядан 5 мандат бар.

Белгисиз куралдардын огу унаанын арткы айнегине тийген.

«Элдик-Народная» партиясынын депутаттары шаардын 2021-жылдагы бюджетинин кабыл алынышына каршы сотко кайрылууну көздөшкөн. Ошондой эле кечээ жакында эле прокуратурага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каржылык мыйзам бузуулары боюнча арыз беришкен.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Элдик-Народная» партиясынын жетекчиси Бадалов Назми Азреталыевич экени көрсөтүлгөн.