Марал Радиосу

Мамлекеттик бажы кызматына жаңы орун басар келди

замирбек малабеков

Замирбек Карашев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Өкмөт башчы Улукбек Марипов кол койгонун Мамлекеттик бажы кызматы сайтына жазды.

Премьер-министрдин дагы бир буйругу менен бошогон Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына Замирбек Малабеков дайындалды.

Малабеков 2014-2016-жылдары Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин милдетин аткаруучу болгон. Буга чейин бажы кызматында жетекчи орундарда иштеген, бажы кызматынын генерал-майору.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлары Бакыт Алиев менен Элнура Мамбетжунушева өз ордунда калды.