Марал Радиосу

Гимнаст кыз Айна Маратова Өзбекстандан алтын медаль алды

Кыргызстандык гимнаст Айна Маратова «Жибек жолу — Балдар цирки» Эл аралык фестивалында алтын медаль алды.

Бүткүл дүйнөлүк цирк күнүнө карата уюштурулган балдардын эл аралык сынагы 15-17-апрель күндөрү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өттү. Ага 8 жаштан 16 жашка чейинки өспүрүмдөр катышты.

Мамлекеттик цирктин аренасында Өзбекстан, Кытай, Казакстан жана Кыргызстандын конкурсанттары жеринде, ал эми Орусия менен Украинанын артисттери эпидемиологиялык чектөөлөргө байланыштуу өз номерлерин онлайн режиминде көрсөтүштү. Катышуучулар цирктин ар кандай жанрларындагы спектаклдерди тартуулашты.

Аида Акматованын жетекчилиги астында оюн көрсөткөн кыргызстандык кыз биринчи орунду ээлеп, бардык спектаклдердин жыйынтыгы боюнча алтын медаль менен сыйланды.

Эске салсак Эл аралык цирк күнү салттуу түрдө апрель айынын үчүнчү ишембисинде белгиленет. Алгач 2010-жылы Европа цирк ассоциациясынын жана Дүйнөлүк цирк федерациясынын демилгеси менен өткөрүлгөн.