Марал Радиосу

Кыргызстанда балдарды полиомиелитке каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда балдарды полиомиелитке каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул өнөктүк 19-апрелден 19-майга чейин жүргүзүлөт жана 2016-жылдын 1-апрелинен 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар полиомиелитке каршы вакцина алышат. Эмдөө акысыз болот.

Министрлик балдардын 95 пайызы эмдөөнү өткөрүп жибергенин, андыктан өнөктүк уюштурулганын белгиледи. 270 миңден ашуун баланы эмдөө пландалууда.

Полиомиелит — кооптуу жана өлүмгө алып келе турган жугуштуу оору. Бул ооруга каршы дары-дармек жок, полиомиелитке каршы эмдөө коопсуз жана таасирдүү болуп саналат.