Марал Радиосу

Азия чемпионатында кыргызстандыктар эркин күрөштөн 4 медаль алды

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Казакстанда өткөн Азия чемпионатында 4 медаль багындырышты. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жазылды.

Атап айтсак, Азия чемпионатында Айаал Лазарев (125 кг салмакта) күмүш, ал эми Икрам Хажимурадов (61 кг), Исламбек Орозбеков (70 кг), Саякбай Усупов (79 кг) коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, чемпионат 13-18-апрелде Алматы шаарында өттү.