Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арадагы кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдалангандар болууда

Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 1039 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы «чек арадагы окуя жарандардын таш атуусу менен коштолду» деген маалыматты четке какты.

17-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерине Тажикстан тараптын чек арачылары жумушту биргеликте жасоо керектигин айтып, токтотууну талап кылышкан.

Окуя боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлигинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, кырдаалдын курчуп кетүүсүнө жол берилген эмес.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз тараптын суу чарба кызматкерлери менен тажик айылынын 50гө жакын тургуну таш атып чатакташканы тууралуу маалымат тараган. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы аны төгүндөп, облустук ички иштер башкармалыгы далилдүү видеолор бар экенин билдирди.

Мындан 7 жыл мурда 2014-жылы аталган башкы суу бөлүштүрүүчү жайда эки тарап кагылышып, согуштук оор техникалар колдонулуп, жараат алгандар болгон.

Мындай учурдан пайдаланып, чагымчыл маанидеги маалыматтардын тарашына жана Баткен облусунун чек аралаш аймактарында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар экендиги айтылат.

«Баткен облусунда чек арадагы кырдаалды курчутуп, андан өз кызыкчылыгын ишке ашырууну каалаган күчтөр, аткезчилик менен алектенген жарандар, аткезчилерди буга чейин калкалаган чиновниктер, кызмат абалынан кабатыр болгон жетекчилер экени аныкталууда. Алар социалдык тармактар аркылуу облус бийлигинин дарегине каршы пикирлерди жарыялап, коомчулуктун  нааразычылыгын жаратууну көздөшүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин Өкмөттөр аралык комиссия чечет жана акыркы чечимди өлкө башчысы, Жогорку Кеңеши кабыл алат. Ошондуктан облустук бийлик чек араны тактоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияга ар дайым аймактын кызыкчылыгын эске алуу менен атайын сунуштарын берип келет.

Copyright © 2017 Maral FM