Өлкө боюнча COVID-19 илдетин 244 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Штабдын билдирүүсүндө жазылгандай, коронавирус илдети аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Анда 158 адам аталган илдетти жуктуруп алган. Калгандары:
- Ош шаары – 2
- Чүй облусу – 54
- Ош облусу – 5
- Талас облусу – 5
- Ысык-Көл облусу – 16
- Жалал-Абад облусу – 2
- Баткен облусу – 2.
Кыргызстан боюнча жалпы 91 миң 883 адам коронавирус илдетине кабылды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 48 миң 790, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 43 миң 93.