Марал Радиосу

Өткөн суткада өлкө боюнча 244 адамга коронавирус жукту

Өлкө боюнча COVID-19 илдетин 244 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Штабдын билдирүүсүндө жазылгандай, коронавирус илдети аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды. Анда 158 адам аталган илдетти жуктуруп алган. Калгандары:

Кыргызстан боюнча жалпы 91 миң 883 адам коронавирус илдетине кабылды. Анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 48 миң 790, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 43 миң 93.