Марал Радиосу

Гүлжигит Алыкулов «Кайрат» клубу менен келишимин узартты

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Алматынын «Кайрат» клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы билдирди.

Жаңы келишимге ылайык, футболчу ал жакта 2023-жылдын аягына чейин ойноп, дагы бир жылга калып кала алат.

Алыкулов «Кайрат» клубуна 2020-жылы беларустук «Неман» клубунан өткөн.

Эске салсак, Алыкулов быйыл Азия чөлкөмүндө «Аптанын оюнчусу» номинациясын эки ирет жеңип алган.