Марал Радиосу

Бишкекте стол тенниси боюнча ачык чемпионат бүгүн да уланат

Бишкек шаарындагы №65 мектепте стол тенниси боюнча ачык чемпионат бүгүн, 18-апрелде да уланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер милдеттүү түрдө сакталат. Мелдеш эркектер жана аялдар, жалгыз жана жуптар арасында өтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Спорттук жарышты Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгы Стол тенниси ассоциациясы менен биргеликте уюштурууда.

Эске салсак, иш-чара кечээ башталган.