Марал Радиосу

Кыргызстан макулатураны сыртка чыгарууга чектөө киргизет

 Экономика жана финансы министрлиги Кыргызстанда кагаз буюмдардын калдыктарын (макулатура) бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн сырткаркы аймактарга чыгарууга тыюу салуу сунушун киргизди.

Маалыматка ылайык, даарат кагаз өндүрүү үчүн каражат жетишпей жатат. Өткөн жылы өлкө боюнча 1 миң 570 тонна даарат кагаз чыккан. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,5 эсе көп. Кагаз буюмдарын (коробка, ящик, сумка) өндүрүү 17 миллион 804,7 чарчы метрди түзгөн, бул 2019га салыштырмалуу 19 пайызга көп.

Кагаз буюмдарын өндүрүүнүн көбөйүшү менен макулатураны импорттоо да өскөн. Өткөн жылы Кыргызстан дээрлик жарым миллион долларга 20 миң 394 тонна макулатура сатып алган.

Кыргызстанда кагаз чыгарган 8 ири ишкана иштейт.

«Алар кайра иштетилүүчү чийки заттын тартыштыгын сезип жатышат, ал өндүрүш кубатына 30-40 % таасир этет. Ички рынокто чийки заттын тартыштыгы өндүрүмдүн, жумуш орундардын жана салыктын азайышына алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Абалды жөнгө салуу үчүн макулатураны Кыргызстандан сыртка чыгарууга 6 айлык тыюу салуу сунушталууда.