Марал Радиосу

Этникалык кыргыздарга жарандык берүү мыйзамына кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Жарандык маселелер боюнча комиссиянын сунушунун негизинде «Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 111 адам: 60 чоң киши жана 51 бала Кыргызстандын жарандыгын алды.

Алардын баары Ооганстандан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздар.