Марал Радиосу

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болду

Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жапаровдун дагы бир жарлыгына ылайык, Болот Отунбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду.