Марал Радиосу

УКМК: 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча тергөө иштери башталды

2010-жылдагы июнь окуяларын тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 15-апрелде УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иштерин баштады. 2010-жылдын май-июнь айларында республиканын түштүгүндө трагедиялуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болгон белгилүү Кадыржан Батыровдун республиканын чегинен тышкары тоскоолдуксуз мыйзамсыз чыгуусуна көмөктөшүү фактысы боюнча, Убактылуу Өкмөттүн кызмат адамдарына каршы иш козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарында башаламандыктардын чыгышынын себептери жана шарттары иликтенүүдө, ошондой эле трагедиялуу окуялардын алдын алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөгөн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн, күч структураларынын башчыларынын жана аймактык деңгээлдеги кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берилмекчи.

УКМК бул кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана жыйынтыктары, ошондой эле ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер жөнүндө тез арада коомчулукка маалымдамакчы.