Марал Радиосу

Эртеңден баштап «Манас» аэропортунда чектөө киргизилет

Эртең 17-апрелден баштап «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Түнкү саат 00:00дөн эртең мененки саат 7:00гө чейин аэровокзалдын ичине бөтөн адамдардын, анын ичинде узатып жана тосуп алууга келген жарандардын кирүүсүнө тыюу салынат. Аэровокзалга авиабилети бар гана адамдар киргизилет.

Ошондой эле чет өлкөлөргө кетип жаткан жана учуп келген жарандардын дене табын өлчөө күчөтүлөт.