Марал Радиосу

«Экономикалык чыккынчылык боюнча көптөгөн маалыматтар бар»

Экономикалык чыккынчылык боюнча көптөгөн маалыматтар бар. Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөрдөгү» чыккынчылыктан улам өлкө экономикасы зыян тартып келет.

«Убагында Кыргызстанга чоң ГЭСтерди курабыз деп Чехиядан фирма келип, келишимдер түзүлгөнү айтылган. Бирок калп экени аныкталган», — дейт Медетбеков.

Ал экономикалык маселелерде соодалашуу болорун кошумчалады.