Марал Радиосу

«Чек ара маселесин чечүүдө маалыматтар ачык жана жабык болушу керек»

Чек ара маселесин чечүүдө ачык жана жабык маалыматтар болушу шарт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Кара-Суу, Өзгөн боюнча да маалыматтар берилиптир. Ал жерде да дүрбөлөң болууда. Андыктан тийиштүү жетекчилер маалымат берерде аныктап, кылдаттык менен мамиле кылышы зарыл», — дейт Медетбеков.

Анын айтымында, чек ара маселесин чечүүдө мамлекеттик комиссияга кирген мүчөлөр биринчи кезекте Кыргызстандын, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын ойлошу керек.