Марал Радиосу

УКМК: «Унаа» ишканасынын Оштогу бөлүмүнүн жетекчилери коррупцияга шектелүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жарандарга айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык иштерин аныктады.

Маалым болгондой, ишкананын кызмат адамдары айдоочулук мектептин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, автоматташтырылган системага кирип, айдоочулардын тестин бурмалашкан. Мунун негизинде тесттен өтпөй калган жарандарды да өттү кылып акча алып, айдоочулук күбөлүк берип келишкен

Маселен, ишкананын Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бактыбек Абдыкадыров жана Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Абжалов компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык айдоодон өткөнү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5 миң сомдон мыйзамсыз акча алып турганы аныкталган. Жыйынтыгында, айдоочулук тажрыйбасы жоктор да бир эле жолку экзамендин негизинде күбөлүк алып келишкен.

Учурда ушул сыяктуу схемалардын башка да аймактык бөлүмдөрдө бар же жогун аныктоо, текшерүү иштери, ошондой эле коррупцияга тиешеси бар адамдарды жазага тартуу иштери жүрүп жатканын айтат УКМКнын маалымат кызматы.

Exit mobile version