Марал Радиосу

БШК: Аялдарга 2943 мандат резервге калтырылган

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелде жергиликтүү кеңштерге өткөн шайлоодо округдарда аялдар үчүн 2943 мандат резервге калтырылганын кабарлады.

Жалпы 420 айылдык кеңешке 7560 депутат шайланды.

Шайлоого катышуу үчүн 18 772 талапкер катталган, анын ичинде 5300 талапкер – аялдар.

Ар бир шайлоо округунда аялдар үчүн мандаттардын 30%ынан аз эмесин резервге калтыруу «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам менен киргизилген.

Аялдар калктын 52%ын түзгөндүгүнө карабастан, алардын шайланма органдардагы өкүлчүлүгү айылдык кеңештердин деңгээлинде жалпы депутаттардын санынын 9 %ын гана түзөт.

2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештерге шайлоодо квота алгач ирет иш жүзүндө бүт өлкө боюнча кеңири ишке ашырылууда.