Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан-Орусия парламенттеринин жетекчилери жолугушту

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1105 | 0

Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федералдык Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар жолугушууда бир катар маселелерге токтолушуп, анын ичинен парламенттер аралык өнөктөштүк, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагындагы алакалар тууралуу сөз кылышты. Муну менен катар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы боюнча ой бөлүштү.

Төрага Талант Мамытов парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап калыптанган өз ара байланышты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Валентина Матвиенко 11-апрелде Конституциянын жаңы долбоору боюнча уюштурулган референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Ал эми төрага Талант Мамытов Башмыйзамдын долбоору боюнча референдум өткөрүү жөнүндөгү демилге, ушул жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо максатында өткөрүлгөн референдумдун уландысы экенин маалымдап, анда шайлоочулардын 80%дан ашууну башкаруунун президенттик формасына артыкчылык бергенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына барган.

Copyright © 2017 Maral FM