Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш ишти кыскартты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
2021-жылдын 18-февралында Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынган.
«Азаттык Медиа» мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары, анын ичинде Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат баалуу мүлкү болгону тууралуу айтылгандар сотко чейинки өндүрүштүн башталышына негиз болгон.
Тергөө КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын компетенттүү органдарына, ошондой эле Дубай Эмиратына өтүнмө жиберип, Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кандайдыр бир активдери бар экендиги жөнүндө маалымат берүү суралган.
Бирок бул мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Матраимовдордун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок экени айтылды.
Буга байланыштуу Матраимовго карата ачылган кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылган.
Ошол эле учурда Матраимов өз ыктыяры менен 20 миллион сомдон жогору турган 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.
Райымбек Матраимов буга чейин коррупцияга шектелип кармалып, тергөө менен келишип, мамлеккетке 2 млрд сом төлөгөн. Андан кийинки соттук отурумда 260 миң сом кошумча айып салынып, акталып чыккан.