Марал Радиосу

Акын, радиожурналист Тенти Орокчиев көз жумду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев 83 жашында көз жумду.

Тенти Орокчиев  Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда төрөлгөн.

1963-жылы Караколдогу педагогикалык институтту аяктап, 1963–1965-жылдары Кочкор районундагы мектептерде мугалим, 1965-1969-жылдары «Мугалимдер газетасында» кабарчы, 1969–1973-жылдарда Кыргыз Совет Энциклопедиясында илимий редактор, 1974–2002-жылдарда Кыргыз Республикасынын телерадио комитетинде иштеген.

Анын 1978-жылы «Мекенимди даңктаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Мындан тышкары «Закым» (1980), «Менин таңым» (1994), «Ысык-Көл ырым да сен, ыйым да сен» (2003), «Алакан» (2006), «Дүйнө-өмүр» (2007), «Асылдар баяны» 3 томдук (2003, 2004, 2005), «Тоолордо торолгон бакыт» сыяктуу бир катар китептердин автору.

Казак жазуучусу А. Шымбатыровдун «Ак-Сай жайлоосунда» повесть жана аңгемелер жыйнагын кыргыз тилине которгон.

1991-жылы радиожурналист Тенти Орокчу уулунун кыргыздын акын-жазуучуларынан алган радио маектери кагазга түшүрүлүп, китеп болуп басылып чыккан.

Тенти Орокчу уулу Кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерктерди, радио очерктерди, радио композицияларды, радио эсселерди жана бир, бир жарым саатка созулган радио маектерди камтыган 3500гө жакын уктуруу даярдаган.

Алардын 300 саатка жакыны Улуттук телерадио корпорация менен Мамлекеттик архивдин алтын фондунда сакталып турат.

1997-2002-жылдары жумасына бир ирет жарым сааттан «Таберик» аттуу көркөм жана публицистикалык радио түрмөгүн эфирге чыгарып келген.

Учурда «Кыргыз руху» гезитинде баяндамачы жана «Манас» радиосунда «Таберик» уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеп жаткан.

Радиожурналисттик көп жылдык жана чыгармачылык эмгеги эске алынып, 1997-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «УТРКнын отличниги» деген ардак наамдар ыйгарылган.

1994-жылы Эл аралык «Түгөлбай-Ата» коомунун сыйлыгын алган.

1994-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, 1973-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болуп келген.