Марал Радиосу

Мектептерди каржылоо окуучулардын санына жараша жүргүзүлөт

Бишкек шаарындагы Профессор А. Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин базасында электрондук акылдуу мектеп ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Догдуркул Кендирбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Мындан сырткары, окуучуларды жан башына каржылоо, билим берүү мекемелерин каржылоонун жаңы моделдерин ишке ашыруу пландалууда.

Кыргызстанда бир окуучуга жылына 22 миң сом каражат сарпталат. Бул көрсөткүч башка өлкөлөрдө 10-15 миң долларды түзөт.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев президенттик инновациялык мектепти уюштуруу жана каржылоо булактарын жеке демилгеси менен таап, балдарды өнүктүрүү креативик борбор ачууну демилгеледи.

«Окуучуларды шыктандыруу, билим берүү тармагында иштеп жаткан адистердин муктаждыктарын аныктоо, так илимдерге, музыка, кол эмгекке басым жасоо — маанилүү окуя«, — деди Кендирбева.