Марал Радиосу

Министр: Коронавирустун үчүнчү толкуну майдын аягында башталат

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну майдын аягы июндун башында башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, бул жагдай COVID-19га каршы антитела 8 айдан 1 жылга чейин сакталышына байланыштуу.

«Калктын басымдуу бөлүгү 2020-жылдын июнь-июль айларында коронавирус менен ооруган. Айрымдары жеңил түрү менен ооругандыктан алардын антителасы өтө жогорку деңгээлде болгон жок. Алар ташуучу жана жайылтуучу роль аткарышы мүмкүн. Ошондуктан биз профилактикалык иштерди жүргүзөбүз», — деди ал.

Бейшеналиевдин айтымында, мурунку ката кайталанбасы үчүн бардык ооруканалар дары-дармектин 2-3 айлык запасы, кошумча дарыгерлер менен камсыздалган.

Министр үчүнчү толкунга карата даярдыктар жүрүп жатканын белгиледи. «Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек менен Чүйдө катталууда», — дейт Бейшеналиев.

Кыргызстанда коронавирустун биринчи толкуну 2020-жылдын июнь-июль айларында, экинчи толкуну ноябрь айында келген.

14-апрелге карата акыркы сутка ичинде коронавирустун 240 жаңы учуру катталды. COVID-19 диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 90 839га жетти.

Бүгүнкү күндө 3800дөн ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Exit mobile version