Марал Радиосу

58 жаштагы бокс легандасы Эвандер Холифилд рингге кайтып келет

Бокс легендасы, оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд рингге кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, оор салмак категориясында бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы 58 жаштагы абсолюттук чемпиону Эвандер Холифилд Кевин Макбрайдга каршы көргөзмө беттешке чыгат. Беттеш ар бири эки мүнөттөн болуп, сегиз раундга чейин созулат. Боксчулар рингге шлемсиз чыгышат.

Белгилей кетсек, аталган беттеш 5-июнга белгиленген. Буга чейин 58 жаштагы Холифилд да бокстагы легенда анын чоң атаандашы Майк Тайсон менен беттешүүгө кызыкдар экенин билдирген.