Марал Радиосу

ЖЭБден 1 квт/c энергия өндүрүү үчүн 3 сом 40 тыйын сарпталат

ЖЭБдерден кошумча электр энергиясын иштеп чыгуу электр жарыгынын өздүк наркынын өсүшүн шарттайт. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБден 1 кВт саат энергия өндүрүү үчүн 3 сом 40 тыйын сарпталат.

ЖЭБ 1 млрд 200 млн кВт саат электр жарыгын өндүрүү планы берилген. Быйыл бул көрсөткүчтү 2.5 млн кВт саатка жеткирүү каралууда.

«Өндүрүлгөн энергия толугу менен колдонулууда. Бардык генерациянын мүмкүнчүлүгү 3 миң 20 мегаВатты түздү. Электр энергиянын 2/3 бөлүгү жылуулукка кетет. 2023-жылы 400 мегаВаттка чейин кошумча энергия алабыз. Энергетика тармагын реформалоо жүрүүдө. Көмүскө иштеген компаниялар да бар», — дейт Сыдыков.

Ал белгилегендей, коңшу мамлекеттерден электр жарыгын алганда көрө, чакан ГЭСтерден өндүрүлгөн энергияны алууга болмок. Чакан ГЭСтер жылына 150 млн кВт саат электр жарыгын өндүрөт, бул — өтө аз.