Марал Радиосу

Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылат. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-апрелде журналисттерге комментарий берип жатып билдирди.

Ошол эле учурда Текебаев мамлекеттен компенсация талап кылбай турганын кошумчалады. Ал азыр өкмөттө акча тартыш болуп тургандыктан, ушул чечимге келгенин айтты.

Бүгүн райондук сотто Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иши каралып, алардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, райондук сот айыптоону колдоодон баш тартты.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов Орусиянын жараны Леонид Маевскийден «MegaCom» мобилдик операторунун акцияларын сатып алууга жардам көрсөтүү максатында 1 млн доллар алган деген шек менен кармалган.

Буга чейин райондук жана шаардык сот Текебаев менен Чотоновду эркинен ажыраткан. Ошондой эле алардын мүлкү да камакка алынган. Кийин Жогорку Сот бул чечимдерди күчүндө калтырган.

2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн жактырып, 29-августта алар үй камагына чыгарылган. Ошондон бери сот иши уланып жаткан.

Өмүрбек Текебаев 2020-жылы 15-октябрда депутаттык мандат алган. Кийин соттун чечими менен кайра мандатынан ажыратылды.

Райондук сот Текебаев менен Чотоновду актады

Exit mobile version