Марал Радиосу

Окуучуларынан коронавирус аныкталган мектеп онлайн окууга өттү

«Газпром Кыргызстан» мектебинен эки класстын окуучуларынан коронавирус аныкталып, окуучулар аралыктан билим алууга өттү. Вирус табылгандыгы боюнча Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору окуу жайдын директору Татьяна Кузнецовага билдирген.

Жетекчинин айтымында, буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин алгоритмине ылайык, окуу жай эки аптага аралыктан окууга өткөн.

Мектеп 960 балага ылайыкталып курулган. Билим берүү борбору Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан.