Марал Радиосу

Орусияда кыргызстандыктар менен тувалыктардын калайман мушташы катталды

Орусиядагы Санкт-Петербург шаарынын борборунда кыргызстандык жана тувалык жарандардын ортосунда мушташ орун алган. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Окуя 12-апрель күнү болжол менен саат 4:30 чамасында Садовая көчөсүндөгү «Money Honey» түнкү клубунун алдында болгон.

ЖМКдагы маалыматка караганда, муштуштын келип чыгышына аял киши себеп болгон. 4 адам бычактан жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Полиция кызматкерлери тарабынан 20 адам кармалган. Маалыматтарга ылайык, учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.