Марал Радиосу

Түркия Кыргызстанга жаңы элчисин жөнөттү

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси болуп Ахмет Садык Доган дайындалды. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 12-апрелде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда элчи Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Эскерте кетсек, 2018-жылдан бери Женгиз Камил Фырат Түркиянын Кыргызстандагы элчиси болуп турган. Ал мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу март айында кызматтан кеткен.