Марал Радиосу

Жалал-Абадда үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир берилет

Жалал-Абад шаарында үч эм төрөгөн 38 жаштагы Гүлнара Бүркүтовага батир берилет. Бул тууралуу шаар мэри Эрнис Ормоков келиндин абалын суроо үчүн барганда айтты.

Анын айтымында, шаардык кеңештин депутаттары үч эм төрөлгөн эки үй-бүлөгө турак-жай бөлүп беришкен.

Бүркүтова 31-мартта эки кыз жана бир уул төрөгөн.

«Бул шаарыбыз үчүн жакшы жаңылык, мен өзүм да кубанып жатам. Балдардын энеси ижарада болгон батирде жашайт, андыктан ымыркайларды турак-жай менен камсыз кылуу маселесин чечүүнү каалайбыз. Шайлоодо өткөн депутаттар бул идеяны колдойт деп ишенем. Жергиликтүү бийлик, жергиликтүү кеңештер биригип, мыйзамдуу чечимдерди табышат. Мамлекеттин саясаты — энелерди жана ымыркайларды колдоо жана аларга кам көрүү. Аларды караган дарыгерлер да көп күч жумшашты», — деди шаар башчысы.

Гүлнара Бүркүтова ооруканадан бүгүн, 12-апрелде чыгарылды.

«Атам жактан эгиздер бар, бирок үч эм болгон эмес. УЗИге үч эм жөнүндө айтканда, башка, түшүнүксүз сезимдер болгон. Аларды көтөрүп жүрүү оңой болгон жок. Эне сүтү жетишсиз, кошумча тамак берүү керек. Үч эмдин ичинен кичүү кызым күчтүү, балам көп ыйлайт, улуусу токтоо. Төрөт кыйын болду, балдарга да кыйын болду. Бардыгы үчүн дарыгерлерге ырахмат,»  — деди ал.

Ымыркайларга Аделина, Адилет жана Аделя деген аттар коюлду.

Шаардык социалдык коргоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жөлөк пул алуу үчүн бардык керектүү документтер толтурулуп, тиешелүү органдарга жөнөтүлдү. Мамлекет тарабынан үч эмге 50 миң сом «сүйүнчү» берилет.