Марал Радиосу

Кыргызстандын дарыгерлери «Токиого чейин 100 күн» аттуу конференцияга катышат

15-16-апрель күндөрү Минск шаарында өтө турган «Токиого чейин 100 күн» эл аралык илимий-практикалык конференциясына Спорттук-реабилитациялык борбордун башкы дарыгеринин орун басары Бактыгүл Алишева жана аталган борбордун спорттук медицина бөлүмүнүн башчысы Иса Бичанов катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Маалыматка ылайык, Конференция XXXII Олимпиада оюндарына спортчуларды даярдоо боюнча актуалдуу маселелерге арналат.

Дарыгерлердин иш сапары Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.