Марал Радиосу

Кыргызстандык Радион Хрипченко Дүйнө Кубогуна катышат

Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргызстан курама командасынын мүчөсү Радион Хрипченко Болгариядагы рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 7-11-апрель күндөрү (1-этап) жана 15-18-апрель күндөрү (2-этап) София шаарында өтөт. Спортчуну башкы машыктыруучу Виктор Мальцев коштоп барат.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлдү.