Марал Радиосу

Быйылтан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу жылына 2 жолу өткөрүлөт

2021-жылдан баштап абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу жылына 2 жолу жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Маалыматка ылайык, абитуриенттер биринчи жолу ийгиликтүү өтпөй калса, экинчи жолу ЖОЖдорго өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«2021-жылдан баштап жогорку окуу жайларга кабыл алуу 2 жолу жүргүзүлөт. Өкмөттүн токтом долбоору даярдалууда», — деди Бейшеналиев.