Марал Радиосу

Президенттин жубайы Айгүл Асанбаева «Жашыл мектеп» акциясын баштайт

Быйыл, 2021-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин жана биринчи айым Айгүл Асанбаеванын демилгеси менен «Мектеп — менин жашыл үйүм» акциясы башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата программасын тааныштыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган акция мектепти оңдоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жалпысынан айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталат.

«Акциянын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат. Аймактардан жеңүүчү болгон мектеп окуучулары чет өлкөлөргө экскурсияга жөнөтүлөт. Алгачкы 3 орунга чет өлкөгө саякаттоо каралууда», — деди министр.

Бейшеналиев донорлорду, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчиликтерин акцияга кошулууга чакырды.