Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо Чолпон-Ата шаарынан 7 партия катышты. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча 7%дык босогодон баары өттү:
- «Улуу Кыргызстан» — 19.67%;
- «Бирге-Вместе» — 19.51;
- «Социал-Демократтар» — 17.50%;
- «Ата журт» — 11.17%;
- «Табылга» — 10.39%;
- «Ата Мекен» — 9.81%;
- «Чоң Казат» — 7.77%.
Эскерте кетсек, бул алдын ала чыгарылган жыйынтык жана бардык шайлоо тилкелеринин маалыматы камтылган эмес.