Марал Радиосу

Шайлоо: Баткен шаарында «Ала-Тоо Кыргыз жери» алдыда

Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо Баткен шаарынан 9 партия ат салышты. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча 7%дык босогодон төмөнкү партиялар өттү:

  1. «Ала-Тоо Кыргыз жери» — 28.52%;
  2. «Ынтымак» — 24.04%;
  3. «Эмгек» — 15.92%;
  4. «Жаңы доор» — 7,71%.

Эскерте кетсек, бул алдын ала чыгарылган жыйынтык жана бардык шайлоо тилкелеринин маалыматы камтылган эмес.