Марал Радиосу

Ошто 5 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

Ош шаарында 5 шайлоо тилкесинде көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расулбек Кадыров брифинг учурунда кабарлады.

10-апрелде Оштогу шайлоо тилкелеринде көчмө добуш берүү жүргөн.

Бүгүн, 11-апрелде жалпы 58 миң 663 жаран (38,61%) добуш берген.