Марал Радиосу

Бишкекте кызга бычак менен кол салган шектүү кармалды

Бишкектеги көчөлөрдүн биринде кызды бычак менен жаралоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Жабыркаган кыздан милицияга арыз түшкөн. Анын айтымында, Бишкектин Сухэ-Батор көчөсүндө түнкү саат 12ден өтүп калганда белгисиз адам анын оң ийини менен билегине бычак урган.

Шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен, бирок бычагы табылган.

Бул кылмышка шектүү катары 44 жаштагы Д.Ш. аттуу адам кармалган. Учурда «ээнбаштык» фактысы боюнча тергөө иши жүрүп жатат.