Марал Радиосу

Германиядагы үч шайлоо тилкесинде референдумга добуш берүү өтүп жатат

Германиядагы Кыргызстандын жарандары үч шайлоо тилкесинде референдумга добуш берип жатат. Шайлоо тилкелери Берлин убактысы боюнча саат 8:00дө, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө ачылган.

Жалпысынан Германияда 3 миң 334 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ. Алар консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшырган.

— №9029 Берлин шайлоо тилкесинде — 1669 шайлоочу;

— №9030 Франкфурт-на-Майне шайлоо тилкесинде — 1207;

— №9031 Бонн шайлоо тилкесинде – 458 кыргызстандык катталган.

Референдум Германия бийлигинин уруксаты менен уюштурулуп, санитардык-эпидемиялык эрежелер толук сакталган шартта өтүүдө.

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу же албоо боюнча жалпы элдик добуш берүү — референдум жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен биргеликте өтүп жатат. Жалпы шайлоочунун 30%дан ашыгы катышкан учурда референдум өттү деп эсептелет.